Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 19
Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун бекитүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтү тарабынан “Александровка айылдык аймагында турган ичүүчү суу курулмаларын баланска алуу жөнүндө” маалыматты угуп чыгып, Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин оптималдуу колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 44-беренесинин 1-пунктунун негизинде, Александровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-авгутсундагы №62 токтомунун жана Александровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги №17 токтомунун негизинде Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупский айылынын Жеңишке 40 жыл көчөсүнүн номери жок дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3000,0 кв.метрди түзгөн ичүүчү суу курулмаларынын алдындагы жер участогу Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү ушул объектини муниципалдык менчик объектилеринин реестрине киргизсин.
3. Александровка айыл өкмөтү Москва райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан жер участогуна муниципалдык менчик укугун каттатууга милдеттериндилсин.
4. Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмү жер кадастр документтерине өзгөртүулөрдү киргизсин..
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |