Загрузка документа…
ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-январы № 56
2018-жылга карата Пригород айыл аймагынын коомдук экономикалык өнүгүү планын бекитүү
2018-жылга карата Пригород айыл аймагынын коомдук экономикалык өнүгүү планынын” долбооруна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паязов сөзүн угуп айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пригород айыл аймагынын 2018-жылга карата коомдук экономикалык өнүгүү планынын долбоору бекитилсин (тиркемеде);
2. 2018 жылга карата Пригород айыл аймагынын коомдукэкономикалык өнүгүү планы боюнча келип түшкөн толуктоолор, өзгөртүүлөр эске алынсын;
3. 2018-жылга карата Пригород айыл аймагынын коомдук экономикалык жактан өнүгүү планын айыл аймактык жашоочуларына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, структуралык бөлүмдүн жетекчилери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышы Пригород айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б. Шеримбековго жүктөлсүн
Төрага |
А. Абдуллаев |