Загрузка документа…
ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты № 59
Пригород айыл өкмөтүнүн жайыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Нормативдик укук актылар жөнүндө Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыттарды эффективдүү, рационалдуу пайдалануу жана башкаруу максатында Пригород айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пригород айыл аймагынын жайыт комитетинин сунушун эске алып 2018 жылга карата жайыттарды пайдалануу үчүн төмөндөгү сунуш кылган төлөмдөрдү бекитилсин:
А) Катталган жактар
-ири мүйүздүү малга - 100 сом бир башка
- майда мүйүздүү малга - 20 сом бир башка
-жылкыга - 100 сом бир башка
-1жаштан 3 жашка чейинкилерге - 70 сом бир башка
Б) катталбаган жактар үчүн
ири мүйүздүү малга - 200 сом бир башка
- майда мүйүздүү малга - 40 сом бир башка
-жылкыга - 200 сом бир башка
-1жаштан 3 жашка чейинкилерге - 150 сом бир башка
В) Жайыттарды башка максаттарга пайдалангандар (мал жаюу менен байланышпаган ) үчүн төлөмдөр келишимдин негизинде алынат , салык базасынын ал эми максималдуу төлөм аныкталган эмес. Башкача айтканда бардык түрдө пайдалануу үчүн жайыттарга болгон максималдуу төлөм жөнүндө жобонун жоктугу.
2. №1 тиркемеге ылайык киреше жана чыгаша сметасы бекитилсин.
3. Пригорд айыл өкмөтүнүн колдонулуп жаткан жер участокторуна карата жер салыгын чогултуу жана келип түшкөн акча каражаттарды жергиликтүү бюджетке жөнөтүү милдети жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы С. Паязовго жүктөлсүн
Төрага |
А. Абдуллаев |