Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-январы №50
"Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы №237 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Финансы каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, архивдик иштерди өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана архивдик мекемелердин, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу архивдик мекемелердин материалдык-техникалык базаларын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы №237 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы жана 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди, ошондой эле архивдик мекемелерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө.".
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |