Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 165-27
Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык ишканалары көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык ишканалары (“Шоола-Аламүдүн” МИ, “Муницкурулуш” МИ, “Аламүдүн Авто Транс” МИ, “Аламүдүн долбоор” МИ, “Аламүдүн айылынын санитардык-экологиялык кызматы” МИ) 2020-жылга карата көрсөтө турган акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык ишканалары (“Шоола-Аламүдүн” МИ, “Муницкурулуш” МИ, “Аламүдүн Авто Транс” МИ, “Аламүдүн долбоор” МИ, “Аламүдүн айылынын санитардык-экологиялык кызматы” МИ) 2020-жылга карата көрсөтө турган акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтери № 1, № 2, № 3, № 4, № 5 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Филимоненко |