Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 166-27
Материалдык жардам жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин COVID-19 коронавирусуна байланыштуу карантиндин учурунда “Амир Мед” ЖЧКнын демөөрчүлүк жардам көрсөтүүсү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө “Амир Мед” ЖЧКнын 35,0 (Отуз беш) миң сом өлчөмүндөгү демөөрчүлүк жардамын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 500 сомдон бөлүштүрүүгө уруксат берилсин.
2. Саны 70 кишиден турган материалдык жардам алуучулардын тизмеси бекитилсин (тизме тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Филимоненко |