Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 168-27
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин жабдуулардын эскилиги жеткендиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө эки мектепке (№ 1, № 2 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектептерине) химия, физика жана биология сабактарынын санарип лабораторияларын, аралыктан окутуу үчүн интерактивдүү панелдерди сатып алуу жана орнотуу үчүн, ошондой эле ноутбуктарды жана компьютерлерди сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4,0 (Төрт) миллион сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Филимоненко |