Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 167-27
Балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө даярдануу жана өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле COVID-19 коронавирусунун шартындагы карантинге байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Ачык Келечек” МИге (Г.А.Мамасадыкова) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар үчүн анча чоң эмес топтор менен майрамдык иш-чараларды (оюндарды, конкурстарды, белектерди) уюштурууга уруксат берилсин.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы (Н.А.Кольбаев) “Ачык Келечек” МИге Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чараларды уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражатынан 100,0 (Жүз) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Филимоненко |