Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 24-январы №48

"2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелеринде каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-декабрындагы №690 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелеринде каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-декабрындагы №690 токтому менен бекитилген 2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелеринде карала турган негизги маселелердин тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "11-февраль" деген позициянын 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

1

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы  Инвестициялык кеңештин       чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө

Өкмөт Аппараты   Ташбаев У.А.    

Премьер-министрдин чечими боюнча     

2

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык       өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2008-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн    отчету жөнүндө

Экономсоодамин Ташбаев У.А.    

Жапаров А.Ү Өкмөт мүчөлөрү    

 

- "25-февраль" деген позициянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

3

2008-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  кызмат жөнүндө мыйзамдарын   мамлекеттик органдардын сактоосу боюнча мониторингдин жыйынтыгы тууралуу  

Мамкызмат иштери боюнча агенттик  Иминов М.С.     

Рыскулбеков А.М.  

".

Премьер-министр

И.Чудинов