Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-январы №49
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык округунун аймагында жайгашкан 9,6 га - Кыргыз Республикасынын жарандары: Ажиканов Кадыбек Заргеровичке - 0,84 га, Диканалиев Аалы Эсенкуловичке - 0,84 га, Жакеев Руслан Өмүрбековичке - 0,46 га, Мурзанаязова Нуруйлага - 3,36 га, Осмонбекова Назгүл Рыскуловнага - 2,44 га, Тологонова Нурбубу Кайдуевнага - 1,66 га жеке менчик укугунда таандык кайрак жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен бирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |