Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-февралы №65
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 618 "Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №618 "Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Аңчылык кылуу үчүн жапайы жаныбарлардын, кармоо үчүн канаттуулардын тизмесинин "Канаттуулар" бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Жырткыч канаттуулар" деген сөздөрдөн кийинки "(Кызыл китепке киргизилген түрлөрдөн башкалары)" деген сөздөр "(Кызыл китепке киргизилген түрлөрү, жасалма төлдөтүү максатында жана илимий максаттарда гана)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Канаттуулардын жумурткалары" деген сөздөрдөн кийинки "(Кызыл китепке киргизилгенден башкасы)" деген сөздөр "(канаттуулардын Кызыл китепке киргизилген түрлөрү, жасалма төлдөтүү максатында жана илимий максаттарда гана)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ