КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-февралы №96
"Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык
кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планында:
- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
┌─────┬───────────────────────────┬───────────┬──────────┬────────────┐
│29 │"Кыймылсыз мүлккө укуктарды│2008-жылдын│Мамкаттоо,│USAIDдин │
│ │жана аны менен болгон │15-декабры-│Экономсоо-│бизнес │
│ │бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө" │на чейин │дамин │чөйрөнү │
│ │Кыргыз Республикасынын │ │ │жакшыртуу │
│ │Мыйзамына өзгөртүүлөрдү │ │ │боюнча │
│ │жана толуктоолорду киргизүү│ │ │долбоору │
│ │тууралуу" Кыргыз │ │ │(макулдашуу │
│ │Республикасынын Мыйзамынын │ │ │боюнча) │
│ │долбоорун, ошондой эле │ │ │ │
│ │кыймылсыз мүлккө укуктарды │ │ │ │
│ │каттоо жол-жоболорун │ │ │ │
│ │жөнөкөйлөштүрүүгө жана аны │ │ │ │
│ │күрөөлүк укуктар менен │ │ │ │
│ │милдеттендирүүгө │ │ │ │
│ │багытталган нормативдик │ │ │ │
│ │укуктук актылардын │ │ │ │
│ │долбоорлорун даярдоо, анын │ │ │ │
│ │ичинде: │ │ │ │
│ │- кыймылсыз мүлккө │ │ │ │
│ │укуктарды каттоо мөөнөтүн, │ │ │ │
│ │жол-жоболорун жана баасын │ │ │ │
│ │азайтуу; │ │ │ │
│ │- катталган укуктар жөнүндө│ │ │ │
│ │маалымат алуу жол-жобосун │ │ │ │
│ │жөнөкөйлөштүрүү; │ │ │ │
│ │- объекттин техникалык │ │ │ │
│ │мүнөздөмөлөрү өзгөргөндөн │ │ │ │
│ │башка учурларда кыймылсыз │ │ │ │
│ │мүлк объектин милдеттүү │ │ │ │
│ │түрдө учурдагы │ │ │ │
│ │паспорттоштуруу жол-жобосун│ │ │ │
│ │кайра кароо. │ │ │ │
└─────┴───────────────────────────┴───────────┴──────────┴────────────┘
";
- Иш-аракеттер планы төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-пункт менен толукталсын:
"
┌─────┬───────────────────────────┬───────────┬──────────┬────────────┐
│29-1 │Нормативдик укуктук базаны │2009-жылдын│Мамкаттоо,│USAIDдин │
│ │даярдоо жана │15-октябры-│Экономсоо-│бизнес │
│ │уюштуруу-техникалык │на чейин │дамин │чөйрөнү │
│ │маселелерди чечүү жолу │ │ │жакшыртуу │
│ │менен Бишкек жана Ош │ │ │боюнча │
│ │шаарлары боюнча │ │ │долбоору │
│ │Мамкаттоонун сайтынан │ │ │(макулдашуу │
│ │онлайн режиминде расмий │ │ │боюнча) │
│ │маалымат алуу механизмин │ │ │ │
│ │киргизүү. │ │ │ │
└─────┴───────────────────────────┴───────────┴──────────┴────────────┘
";
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |