Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-февралы №99
"Кара-Балта суу түтүктөр-каналдаштыруу чарбасы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын шаар башкармалыгынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жана каналдаштыруу тармактарынын иштеши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте "Кара-Балта суу түтүктөр-каналдаштыруу чарбасы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын шаар башкармалыгынын муниципалдык менчигине аны муниципалдык ишканага өзгөртүп түзүү укугу менен өткөрүп берсин.
2. "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте "Кара-Балта суу түтүктөр-каналдаштыруу чарбасы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын электр энергиясы боюнча 6254700 (алты миллион эки жүз элүү төрт миң жети жүз) сом суммасындагы негизги карызын 2014-жылдын 1-январынан тартып бирдей үлүштө карызды төлөй баштоо менен 2028-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү маселени кароо сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |