Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №102 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын "Жылдын мыкты экспортеру" улуттук конкурсу жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Максаттар жана милдеттер
III. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартиби
IV. Конкурстун катышуучулары
V. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо
1.1. Кыргыз Республикасынын "Жылдын мыкты экспортеру" улуттук конкурсу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкасы астында жыл сайын өткөрүлөт.
1.2. Кыргыз Республикасынын "Жылдын мыкты экспортеру" улуттук конкурсун өткөрүү өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, экспорттук потенциалды жогорулатууга, өнөр жайлык, туристтик жана агрардык комплекстерди өнүктүрүүгө, ата мекендик атаандаштыкка жөндөмдүү, экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берүүгө өбөлгө түзөт.
2.1. Кыргыз Республикасынын "Жылдын мыкты экспортеру" улуттук конкурсунун (мындан ары - Конкурс) негизги максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо;
- ата мекендик товарлардын сапатын жогорулатуу жана аны менен ички жана тышкы рынокторду камсыздоо;
- импортту алмаштыруучу өндүрүштү өнүктүрүү жана түрткү берүү.
2.2. Конкурстун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- атаандаштыкка жөндөмдүү, экспортко багытталган продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жетишкендиктерин пропагандалоо;
- ата мекендик ишканалар чыгарган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоо.
3.1. Конкурсту уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздоо максатында белгиленген тартипте Конкурс өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) түзүлөт.
3.2. Уюштуруу комитети:
- Конкурсту уюштуруу, өткөрүү, жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатынын иш пландарын жана чыгымдарынын сметасын иштеп чыгат, аны Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги бекитет;
- талапкерлерге баа берүү жана сыйлыкты тапшыруу критерийлерин аныктайт.
3.3. Конкурсту уюштурууга, өткөрүүгө жана жеңүүчүлөрүн сыйлоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык донор жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасында агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүү борборунун финансылык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Конкурсту өткөрүү боюнча иш-чаралар бүткөндө Уюштуруу комитетинин төрагасы жана жооптуу катчысы Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
3.4. Уюштуруу комитетинин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин аппараты жана Кыргыз Республикасында агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүү борбору саналат (макулдашуу боюнча).
3.5. Уюштуруу комитетинин заседаниеси тең укуктуулук жана айкындык принциптеринде зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
3.6. Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй критерийлерге ылайык (10дон 1 баллга чейин кемүүчү шкала боюнча) аныкталат:
- продукцияны экспорттоонун жалпы жылдык көлөмү;
- өндүрүштүн жалпы көлөмүндө экспорттун үлүшү;
- экспорттук продукциянын ассортиментинин болушу;
- дүйнөлүк сапат стандартына ылайык келиши;
- инновациялык технологиялардын колдонулушу.
3.7. Конкурс акысыз, иш-чаралары ачык болуп саналат жана ага төмөнкү этаптар кирет:
- 1-этап: Уюштуруу комитети тарабынан талапкерлерден конкурска катышууга сунуштарды (арыздарды) кабыл алуу;
- 2-этап: талапкерлерден алынган сунуштарды (арыздарды) изилдөө, ишканаларга баруу жана Конкурстун жюрисинин иштеши;
- 3-этап: товарларды көргөзмөгө коюу жана ишканалардын - катышуучулардын кызмат көрсөтүүлөрү, Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты.
3.8. Конкурстун жеңүүчүлөрү жөнүндө чечим жюри мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жюринин чечими протокол менен таризделет.
4.1. Конкурстун катышуучулары менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар гана болушат.
4.2. Конкурска катышууга төмөнкү талапкерлерге жол берилбейт:
- банкроттук же жоюлуу процессинде турган;
- өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берген.
4.3. Конкурстун катышуучулары төмөнкү талаптарга туура келиши керек:
- 3 жылдан кем эмес иш алып баруучулук тажрыйбасы;
- банкроттук же жоюлуу процессинде болбогон;
- экспорттук ишмердик жүргүзгөн;
- материалдарды берүү Уюштуруу комитети тарабынан бекитилген арыздардын формасына ылайык ишке ашырылат.
5.1. Конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкү номинациялар боюнча аныкталат:
- өнөр жайлык өндүрүш чөйрөсүндө;
- агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө;
- туризм, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө.
5.2. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө I, II жана III даражадагы дипломдор, ошондой эле Уюштуруу комитети тарабынан аныкталган жана бекитилген Конкурстун медалдары жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.
5.3. Номинациянын жеңүүчүлөрүнө Уюштуруу комитети тарабынан бекитилген "Жылдын мыкты экспортеру" конкурсунун белгисин пайдаланууга укук берилет.
5.4. Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги бекиткен планга ылайык жүргүзүлөт.
|
|