Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-февралы №127
Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн жылуулук, электр энергияларын жана жаратылыш газын керектөөнүн 2009-жылга карата лимитин бекитүү жөнүндө
Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо боюнча Кыргыз Республикасында болуп жаткан татаал кырдаалдын, энергия булактарына баалардын жыл сайын өсүшүнүн шартында, энергияны үнөмдөө жана энергиялык ресурстарды керектөө лимиттерин сактоо маселелери айрыкча маанилүү болуп баратат.
Ошондой болсо да министрликтердин жана ведомстволордун айрым жетекчилери белгиленген лимиттерди сактоо маселесине тийиштүү көңүл бурушпайт. 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттеринен ашууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясы, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмеси жол беришкен.
Электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө жол бербөө, бюджеттик уюмдарга электр, жылуулук энергиялары жана табигый газ үчүн акы төлөөгө бөлүнгөн мамлекеттик каражатты үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик уюмдар үчүн жылуулук, электр энергияларын жана жаратылыш газын керектөөнүн 2009-жылга карата лимити тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар бир апталык мөөнөттө:
- ушул токтом менен белгиленген жылуулук, электр энергияларын, жаратылыш газын керектөөнүн жылдык лимитин төмөнкүдөй бөлүштүрүшсүн:
өздөрүнүн ведомстволук бөлүмдөрү боюнча;
айлар боюнча;
- жылуулук, электр энергияларын жана жаратылыш газын керектөөнүн (айлар боюнча) лимитин белгиленген тартипте ведомстволук уюмдарга, ошондой эле электр, жылуулук жана газ менен камсыздоочу тийиштүү ишканаларга билдиришсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун 2-пунктунда аныкталган тартипте электр, жылуулук энергияларын керектөө лимиттерин бөлүштүрүшсүн жана жергиликтүү бюджеттен каржыланчу бюджеттик уюмдарга билдиришсин.
4. Бюджеттик уюмдар электр, жылуулук энергияларын жана газды керектөөнүн белгиленген лимитин кынтыксыз сакташсын.
5. Бул токтомдун 2, 3 жана 4-пункттарын бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик бюджеттик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөөрү белгиленсин.
6. Бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларга Токтогул суу сактагычында суу топтоодогу кырдаалга жараша ушул токтомдо белгиленген электр энергиясын керектөө лимитин кыскартууга укук берилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 164 "2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясатына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун № 1 тиркемесинин "Кубаттуулук үчүн акы" деген бөлүмүнүн 3-пункту алып салынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |