Редакцияот 10.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-марты №158

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын администрациялык-аймактык бирдигинин калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын администрациялык-аймактык бирдигинин курамына кирген айылдардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, мурда Баткен облусунун Ак-Булак айыл өкмөтүнүн карамагында турган Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 38,0 га сугат айдоосун Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп берүү менен жеке турак үй куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен бирдикте:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго шаар куруу документтерин иштеп чыгууну каржылоону;

жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктураны жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов