Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №159
"Аткаруу бийлигинин органдарында стратегиялык башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 136 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Нормативдик укуктук актыларды оптималдаштыруу, ошондой эле стратегиялык башкаруунун заманбап принциптерин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аткаруу бийлигинин органдарында стратегиялык башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 136 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасын Стратегиялык башкаруу боюнча Координациялык борбор жөнүндө жободо:
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Координациялык борбордун максаты-өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү үчүн стратегиялык башкаруунун заманбап принциптерин, стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун бирдиктүү форматтарын жана стандарттарын ишке киргизүү.";
5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
6-пункттун төртүнчү жана жетинчи абзацтары алып салынсын;
12-пункттун үчүнчү, төртүнчү, жетинчи жана тогузунчу абзацтары алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча колдонмону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасын Стратегиялык башкаруу боюнча Координациялык борбордун кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасын Стратегиялык башкаруу боюнча Координациялык борбор Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча колдонмону жактыргандан кийин бекитсин;
- бекитилген Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча колдонмону бардык министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |