Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-марты №176
"Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы №29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы №29 токтому менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 8-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Комиссия өз отурумуна мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу. Чечим Комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү добуш бергенде кабыл алынды деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага отурумга төрагалык кылуучу кол коет.";
төртүнчү абзац алып салынсын;
- 9-пунктта:
"Комиссия мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөр "Комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Сурамжылоо аркылуу кабыл алынган жана Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон чечим (корутунду), маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтү карашы үчүн негиз болуп эсептелет.".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |