Редакцияот 03.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 3-декабры № 1515-IV

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 29-октябрындагы № 670 токтом) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби, сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети (Р.Б.Тагаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Ч. Баекова