Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-декабры № 1539-IV
"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 8-октябрындагы № 624 токтом) "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитети (А.С.Кулбаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А. Тагаев |