Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-декабры № 1551-IV
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин мындан ары да өнүктүрүү максатында мамлекеттик тилде көркөм, анын ичинде балдар адабиятынын үлгүлөрүн, ар түрдүү сөздүктөрдү басып чыгаруу, көркөм жана мультипликациялык фильмдерди тартуу, дүйнөлүк классикалык адабияттын жана кинонун чыгаан чыгармаларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети (Л.Ч.Сыдыкова) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.М.Наргозуев тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин мындан ары да өнүктүрүү максатында мамлекеттик тилде көркөм, анын ичинде балдар адабиятынын үлгүлөрүн, ар түрдүү сөздүктөрдү басып чыгаруу, көркөм жана мультипликациялык фильмдерди тартуу, дүйнөлүк классикалык адабияттын жана кинонун чыгаан чыгармаларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А. Тагаев |