КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-декабры № 1557-IV
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жиберүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жиберилсин.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
К. Исабеков |