Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры № 1588-IV
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 5-ноябрында кол коюлган "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 1-декабрындагы № 723 токтом) "Бишкек шаарында 2009-жылдын 5-ноябрында кол коюлган "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Байкоочу комитеттин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Ч. Баекова |