Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры № 1592-IV
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган күндөн бери 20 жылдан ашык өткөндүгүнө карабастан дүйнөлүк классикалык көркөм, анын ичинде балдар адабиятынын чыгармаларын, ар кыл сөздүктөрдү которуу жана бастырып чыгаруу боюнча, ошондой эле көркөм жана мультипликациялык фильмдерди жаратуу боюнча иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзгөчө белгилейт. Бул кырдаал, тажрыйба көрсөткөндөй, элдин руханий жана маданий өнүгүшүнө, анын көз карашынын мезгилдин талаптарына ылайык калыптанышына жана республиканын жарандарынын мамлекеттик тилге кызыгуусуна терс таасир тийгизип жатат.
Дүйнөлүк классикалык жана балдар адабиятынын чыгармаларын, анимациянын жана кинонун мыкты үлгүлөрүн мамлекеттик тилге которууга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын эске алып, ошондой эле мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жана байытуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- дүйнөлүк классикалык жана балдар адабиятынын чыгармаларын, анимациянын жана кинонун мыкты үлгүлөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине которууну жүзөгө ашыруу үчүн каржы каражаттарын жыл сайын бөлүп берип турсун;
- кыргыз-англис сөздүгүн, кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн, дипломаттар (элчилер) үчүн сөздүктү, иш кагаздар сөздүгүн, жалпы терминдик сөздүктү түзүү жана кыргызча-орусча сөздүктү кайра бастырып чыгаруу үчүн каржы каражаттарын бөлүп берүүнү карасын:
- мамлекеттик тилде мультипликациялык, көркөм фильмдерди жана адабий чыгармаларды жаратуу үчүн каржы каражаттарын бөлүп берүүнү практикага киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маданият агенттигинин, Кыргыз Энциклопедиясынын, басмалардын, "Кыргызфильм" киностудиясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Дөөлөт" студиясынын мүмкүнчүлүктөрүн жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдалансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маданият агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы өздөрүнүн "алтын фондунда" болгон өткөн жылдардын ырларынын фонограммаларын, коюлган пьесалардын, кинофильмдердин пленкалары менен көрмө кассеталарын менчик телерадиокомпаниялардын нускалоосу жана жайылтуусу үчүн берүүнүн механизмин иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (Л.Ч.Сыдыкова) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары | Ч. Баекова
|