Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-декабры № 1600-IV
Этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга болгон конституциялык укугун караган "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы тууралуу
Этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга болгон конституциялык укугун караган "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга болгон конституциялык укугун, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоо, алуу менен документтештирүү жол-жобосунун натыйжалуулугун жогорулатсын жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу маселелери боюнча документтерди жол-жоболоштуруунун "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылсын;
тарыхый ата мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча "Кайрылман" мамлекеттик программасын иштеп чыгууда 2009-2011-жылдарга төмөнкүлөрдү карасын:
- чет өлкөлөрдө жашаган же өздөрүнүн тарыхый ата мекенине кайтып келип жаткан этникалык кыргыздарга тиешелүү инвестицияларды республикага тартууга көмөк көрсөтүүчү тиешелүү ченемдик укуктук актыларды даярдоону жана кабыл алууну;
- Кыргыз Республикасына көчүп келген кайрылмандарга турак үй куруу үчүн пайызсыз ссудаларды бөлүп берүүнү;
2010-жылы "Кайрылман" мамлекеттик программасын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн каржы каражаттарын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип "кайрылман" статусу бар этникалык кыргыздарга акысыз мөөнөттүү пайдаланууга жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө маселени чечүүнү тездетсин жана этникалык кыргыздардын жергиликтүү коомдоштукка интеграцияланышы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн стратегиясына киргизүүнү областык мамлекеттик администрациялардын башчыларына милдеттендирсин;
этникалык кыргыздар чогуу жашаган жерлерде окутуу, маданий, социалдык жана экономикалык көнүгүшүү боюнча борборлорду түзүүнү тездетүүнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине милдеттендирсин;
этникалык кыргыздардын Өзбекстан Республикасынын жарандыгынан чыгуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибинин маселесинде макулдашууга жетишүү боюнча ишти улантуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине сунуш кылынсын;
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна ушул убакка чейин Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюла электигинен улам айыл өкмөттөрүнүн, мамлекеттик администрациялардын башчылары менен биргелешип Өзбекстан Республикасынын көчүп келген этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча түшүндүрүү иштерин квартал сайын жүргүзүүнү Паспорттук-визалык контроль департаментине милдеттендирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине (Б.У.Мамасейитова) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
З. Курманов |