Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2000-жылдын 17-январы № 16 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-декабрындагы № 754, 2004-жылдын 25-мартындагы № 201,
2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 14-январындагы"Кредиттик карыздарды жоюу жөнүндө" Указын, ошондой эле Бишкек шаардыкарбитраждык сотунун Бишкек ш., Пушкин көчөсү-50 дарегиндеги имарат бо-юнча чечимин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат. 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына караштуу Банктарды кайрауюштуруу жана карыздарды реструктуралоо боюнча агентствонун Бишкек ш.,Пушкин көчөсү-50 дарегиндеги, баалоо наркы 63353185,6 сом болгон има-ратты Кыргызпотребсоюздан жана кооперативдерден Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине береселерин жоюу эсебинде мамлекеттин менчигинеөткөрүп алуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын. (КР 2004-жылдын 25-мартындагы N 201,
2008-жылдын 30-декабрындагы N731 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти Бишкек шаардык сотунунБишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан имаратын Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду Бишкек шаардыксотунун Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан, баланстыкнаркы 1538199,0 сом болгон имаратын Кыргызпотребсоюздун менчигине мен-чикке укук тууралуу күбөлүк берүү менен өткөрүп берсин. 4. Бишкек шаарынын жергишктүү өз алдынча башкаруусу Кыргызпотреб-союзга Бишкек ш., Панфилов көчөсү-183 дарегинде жайгашкан эки кабатимараттын алдындагы жер участогун ээлөө укугуна мамлекеттик акт берсин. 5. Кыргыз Ребпубликасынын Мамлекеттик мүлк фонду Бишкек шаары,Панфилов көчөсү-50 дарегинде жайгашкан имаратты мамлекеттик администра-тивдик имараттардын реестрине киргизсин. Премьер-министр А.Муралиев