Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-марты № 1728-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2008-жылдын 14-февралындагы № 171-IV "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт "Д.А.Молдошева" деген сөздөрдөн кийин "Т.В.Шабанова" жана "Ш.Эгембердиев" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт:
"Д.А.Молдошева" деген сөздөрдөн кийин", Т.В.Шабанова" деген сөздөр менен толукталсын;
"Б.К.Нуржанов" деген сөздөрдөн кийин ", Ш.Эгембердиев" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2008-жылдын 14-февралындагы № 175-IV "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт "Т.А.Жумабекова" деген сөздөрдөн кийин "М.Н.Исанова" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт "Б.А.Сан" деген сөздөрдөн кийин," М.Н.Исанова" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Ч.Баекова |