Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты № 1751-IV
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызмат уставына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө, Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө, Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө, Курал жөнүндө, Улуттук коопсуздук жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө, Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө, Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын депутаттары М.К.Кунакунов, Р.Б.Тагаев, жана Д.Асылбек уулу тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызмат уставына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө", "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө", "Коргоо жана Куралдуу Күчтөр жөнүндө", "Курал жөнүндө", "Улуттук коопсуздук жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө", "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби, сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети (Р.Б.Тагаев) жана Социалдык саясат боюнча комитети (Б.У.Мамасейитова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Ч.Баекова |