Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-декабры № 27-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү түзүмү аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турары белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелер боюнча биринчи вице-премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүн координациялоо боюнча вице-премьер-министринен, КМШ жана ЕврАзЭК иштери боюнча Кыргыз Республикасынын өкүлүнөн;
министрден - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен;
Кыргыз Республикасынын министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан;
министрдин рангындагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын Башкы директорунан.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттүн ичинде ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Келдибеков |