Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-декабры № 65-V
Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга финансылык кызматташуу боюнча жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга техникалык кызматташуу боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 вербалдык нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 011-15/1982 жооп вербалдык нотасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 8-декабрындагы № 315 токтом) "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга финансылык кызматташуу боюнча жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга техникалык кызматташуу боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 вербалдык нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 011-15/1982 жооп вербалдык нотасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Бул жардамды ишке ашыруунун алкагында ишке тартылган органдардын бардык операциялык сарптоолору менен чыгымдарын жабуучу менчик секторду рекредиттөөгө багытталган долбоорлор боюнча эң төмөнкү пайыздык ставканы пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сунуштарын эске алуу менен кароо жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков), Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.Ү.Жапаров), Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча комитетине (А.Т.Сулайманов) тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |