Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-декабры № 67-V
Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга финансылык кызматташуу боюнча жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга техникалык кызматташуу боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 вербалдык нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 011-15/1982 жооп вербалдык нотасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 8-декабрындагы № 315 токтом) "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга финансылык кызматташуу боюнча жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга техникалык кызматташуу боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 вербалдык нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 011-15/1982 жооп вербалдык нотасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сунуштарын эске алуу менен кароо жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков), Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.Ү.Жапаров), Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча комитетине (А.Т.Сулайманов) тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков
|