Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-декабры № 70-V
Вашингтон шаарында 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Европа Союзунун программасынын (МАР) № 096043 гранты боюнча Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 25-ноябрындагы № 303 токтом) "Вашингтон шаарында 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча Европа Союзунун программасынын (МАР) № 096043 гранты боюнча Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Эл аралык донорлор менен долбоорлордун дизайнын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |