Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-декабры № 78-V
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 23-декабрындагы № 337 токтом) "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору менен каралган 100,0 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү бүткүл сумманы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан бөлүнүп берилген өздөштүрүлбөй калган каражаттарды республикалык бюджетке кайтарып берүү;
- Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларын жана түштүк райондорунун мамлекеттик администрацияларын республиканын түштүк региондорунун турак жай фондун калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого багытталган каражаттарды каржылоого жооптуу органдар кылып аныктоо;
- колдонуудагы макулдашууга кредиттик каражаттарды пайдалануу жана кайтарып берүү боюнча юридикалык жактардын жоопкерчилигин өзгөртүү жөнүндө түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |