Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 79-V
2010-жылдын 29-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ПОСТАНОВЛЯЕТ:
2010-жылдын 29-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Альфа Телеком" компаниясынын акцияларын мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Абдырахмановдун кайрылуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Депутат Н.К.Алимбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын кире беришине пандустарды куруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
2011-жылда мугалимдердин, саламаттык сактоо жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратында болгон негизги каражаттарды, товардык-материалдык баалуулуктарды жана башка мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Ар кыл маселелер.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |