Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 80-V
2010-жылдын 20-майындагы УӨ № 44 "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын мамлекеттештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин, ошондой эле башка объекттерди мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин кабыл алынышынын негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын мамлекеттештирүү жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Ө.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2010-жылдын 20-майындагы УӨ № 44 "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын мамлекеттештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин, ошондой эле башка объекттерди мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин кабыл алынышынын негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:
К.Абдиев;
Т.Т.Мамытов;
М.А.Султанов - "Ата-Журт" Идеалисттик демократиялык саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
Ө.Абдырахманов;
Р.Б.Жээнбеков;
Р.А.Сабиров - "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын депутаттык фракциясынан;
З.И.Бекбоев;
К.К.Иманалиев;
А.М.Маматалиев - "Ар-Намыс" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
А.С.Өмүрбекова;
И.А.Пирматов;
Т.У.Шайназаров - "Республика" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
А.Н.Измалкова;
Б.С.Кадыров;
Г.А.Скрипкина - Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан.
2. Комиссиянын иши аяктаганга чейин бул маселе боюнча териштирүүнү токтото туруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Башкы прокуроруна тапшырылсын.
3. Көрсөтүлгөн маселе биротоло чечилгенге чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун жетекчиси (убактылуу башкаруучусу) кылып дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |