Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 83-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын кире беришине пандустарды куруу жөнүндө
Жогорку Кеңештин имаратына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын киришин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын түндүк тарабына кармагычтары бар пандус куруу 2011-жылы жүзөгө ашырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын батыш тарабына кармагычтары бар пандус куруу 2012-жылы жүзөгө ашырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |