Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 86-V
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ф.Ш.Кулов, К.К.Ташиев, К.К.Исаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен кароо жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (Г.А.Скрипкина) тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |