Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 87-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратында болгон негизги каражаттарды, товардык-материалдык баалуулуктарды жана башка мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө жайгаштырылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыз кылсын:
негизги каражаттарды - Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн имаратын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын балансынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын балансына;
негизги каражаттарды - Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын балансынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын балансына;
Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратында болгон товардык-материалдык баалуулуктарды жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын балансына;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратында болгон товардык-материалдык баалуулуктарды жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын балансынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |