Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 91-V
Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан "Ысык-Көл Аврора" санаторийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
КМШ жана башка мамлекеттердин парламенттери менен өз ара байланышты жакшыртуу, парламенттер аралык кызматташууда Жогорку Кеңештин ролун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, кызматкерлеринин социалдык, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу максаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен биргелешип Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан "Ысык-Көл Аврора" санаторийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Ысык-Көл Аврора" санаторийинин мүлктүк комплексин кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |