Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 92-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 62-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияга тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын башкаруунун парламенттик түрүнө өтүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көп сандаган объекттердин жана мүлктүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансында болушунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө, ошондой эле аларды дыкан инвентаризациялык эсепке алууну жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү тууралуу маселелерди бир айдын ичинде кошумча кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 62-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияга тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди, ошондой эле мүлктү арналышы боюнча Кыргыз Республикасынын парламентинин жана Өкмөтүнүн ортосунда бөлүштүрүп берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |