Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-январы № 98-V
2010-жылдын 16-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2010-2011-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгы жана Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ө.Т.Бабановдун, Кыргыз Республикасынын энергетика министри А.А.Шадиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан 2010-жылдын 16-июнунда № 88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алып, аны менен министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, акционердик коомдор үчүн иш-чаралардын планы бекитилгендигин белгилейт.
Өткөн жылда жагымдуу метеорологиялык шарттар Токтогул суу сактагычында суунун топтолушунун көлөмүн олуттуу жогорулатууга мүмкүнчүлүк берип, ал 2011-жылдын 10-ноябрына 17,91 млрд. куб. метрди түзүп, мунун өзү 2009-жылдын ошол эле мезгилине салыштыруу боюнча 6,4 млрд. куб. метрге көптүк кылат.
Электр энергиясын иштеп чыгуу өткөн жылда 11857,3 млн. кВт/с же 2009-жылдын деңгээлине карата 108,9 пайызды түзгөн.
Электр энергиясын пайдалуу берүү 2010-жылдын 11-айында 5464,77 млн. кВт/с түзүп, мунун өзү 2009-жылдын ушундай эле мезгилинин деңгээлинен 1,9 пайызга көп.
"Электр станциялары" ААКсы 2010-жылда Казакстан Республикасына 1470,78 млн. кВт/с электр энергиясын экспорттогон.
Энергетика компаниялары белгиленген тапшырмаларга ылайык электр жабдууларын ремонттоону аяктап, мунун өзү жылуулук берүү мезгилин өз убагында баштоого мүмкүнчүлүк берген.
"Кыргызгаз" ААКсы боюнча товардык продукция 2010-жылдын 11 айынын ичинде 2810,4 млн. сомду же 2009-жылдын деңгээлине карата 15,2 пайызды түзгөн. Газды керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы жылдын башынан тартып 11,4 млн. сомго төмөндөгөн жана 2010-жылдын 1-декабрына абал боюнча 371,6 млн. сомду түзгөн.
"Бишкекжылуулуктармагы" ААКсынын жөнөтүлүүчү жылуулук энергиясы үчүн дебитордук карызы 2010-жылдын 1-декабрына 153,45 млн. сомду түзгөн жана жылдын башынан тартып 15,0 млн. сомго төмөндөгөн.
Ошону менен бирге министрликтер жана ведомстволор тарабынан жогоруда аталган токтомду аткарууда кемчиликтер кетирилген.
Отун-энергетика ресурстарын даярдоодо артта калууга жол берилген.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык Бишкек шаарынын ЖЭБине 2011-жылдын 4-январына абал боюнча 479883 тонна көмүр же тапшырманын болгону 56 пайызы гана алып келинген.
Ош шаарынын ЖЭБине 2011-жылдын 10-январына планда 20000 тонна болгондо 9956 тонна отун мазуту жеткирилип, мунун өзү тапшырылгандын 49,78 пайызын түзөт.
"Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси тарабынан 2010-жылдын 30-декабрына 51,11 миң тонна көмүр же жылдык пландын 50,8 пайызы, 15,15 миң тонна мазут же пландын 60,1 пайызы даярдалган.
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы боюнча 2010-жылдын 31-декабрына 5,4 миң тонна көмүр же пландын 58,69 пайызы, 0,85 миң тонна мазут же пландын 65,3 пайызы даярдалган.
Ведомстволук караштуулугундагы бюджеттик уюмдар үчүн министрликтер жана администрациялык ведомстволор тарабынан 2010-жылдын 31-декабрына абал боюнча 145,889 миң тонна көмүр же пландын 65,6 пайызы даярдалган.
Калк тарабынан көмүр даярдоо 2010-жылдын 31-декабрына 797,912 миң тоннаны же пландын 86,2 пайызын түзгөн.
Республика боюнча бардыгы 2010-жылдын 31-декабрына абал боюнча:
- 1410,451 миң тонна көмүр же пландын 70,6 пайызы;
- 43,78 тонна мазут же пландын 42,7 пайызы даярдалган.
Бөлүштүрүүчү компаниялардагы жалпы жоготуулар төмөндөбөгөн бойдон калууда:
- "Чыгышэлектро" ААКсында - план 25 пайыз, иш жүзүндө - 30,5 пайыз;
- "Ошэлектро" ААКсында - план 25 пайыз, иш жүзүндө - 25,9 пайыз;
- "Жалалабатэлектро" ААКсында - план 25 пайыз, иш жүзүндө - 28,2 пайыз.
Бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын керектөөчүлөр менен жетишсиз иштеши мындай абалдын факторлорунун бири болуп саналат: Мисалы, 2010-жылда коммерциялык жоготуулар төмөнкүнү түзгөн:
- "Чыгышэлектро" ААКсында 14 пайызды;
- "Жалалабатэлектро" ААКсында 10,7 пайызды;
- "Түндүкэлектро" ААКсында 9,5 пайызды;
- "Ошэлектро" ААКсында 7,5 пайызды.
Өтүп жаткан жылытуу мезгилинде энергия тутумунда эки ири аварияга жол берилген.
2011-жылдын 5-январында кечинде Күрпсай ГЭСин жана Жалал-Абад областындагы Сузак айылынын районундагы "Октябрь" 220 кВ кичи станциясын бириктирүүчү жогорку вольттуу линиядагы авариянын айынан Кыргызстандын энергетика тутумунда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана түштүк Казакстандын калкынын 20 пайызына электр энергиясын берүүнү чектөөгө алып келген өчүрүү болгон.
"Кара-Балта" жана Аламүдүн районунун Ленин айылындагы "Центральное" кичи станцияларын бириктирген жогорку вольттуу линиядагы 2011-жылдын 8-январындагы авария Бишкек шаарынын ЖЭБинде электр энергиясынын иштелип чыгышын 250 МВт/с дан 80-100 МВт/с га чейин төмөндөшүнө алып келген.
Электр энергиясын экспорттоого баалар төмөндөө жагына оогандыгын да белгилей кетүү керек. Мисалы, Казакстан Республикасына электр энергиясын экспорттоо 2008-жылда кВт/с үчүн 4,5 цент, 2009-жылда кВт/с үчүн 4,15 цент, 2010-жылда кВт/с үчүн 2,5-3,4 цент баа боюнча жүзөгө ашырылган. Ошол эле убакта Казакстан Республикасынан Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн импорттолуучу көмүрдүн баасы акыркы жылдары туруктуу өсүп бара жатат.
Мында Бишкек шаарынын ЖЭБине 100 миң тонна көмүрдү алып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленген пландык тапшырма жыл сайын аткарылбай келе жатат. Алсак, 2006-жылы 21,5 миң тонна, 2007-жылы 21,6 миң тонна, 2008-жылы 25,14 миң тонна, 2009-жылы 37,23 миң тонна, 2010-жылы 89,68 миң тонна көмүр алып келинген.
Натыйжада Казакстан Республикасынан импорттолуучу көмүрдүн үлүшү 2010-жылдан тышкары 94-96 пайыздын чегинде жогору бойдон калып, ал жылы импорттун көлөмү 12 пайызды түзгөн.
Республиканын түштүгүнүн көмүр ишканалары суроо-талаптын жоктугунан токтоп же толук кубаттуулукта иштебей турса да, Ош шаарынын ЖЭБин мазуттан көмүргө которуу маселеси бир катар жылдан бери чечилбей келе жатат.
"Кыргызгаз" ААКсынын каржылык абалы олуттуу кооптонууну туудурат. Бюджеттик уюмдардын дебитордук карызы 150 млн. сомду, анын ичинде "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси боюнча 83,4 млн. сомду, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы боюнча 66,7 млн. сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төмөнкү маселелер чечилген эмес:
- 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен каралган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кара-Кече" МИсине 2010-жылда "Кара-Кече" көмүр кенинин "Центральный" участогун андан ары өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин жана техникалык-экономикалык эсебин иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу үчүн бюджеттик ссуда түрүндө 50 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө;
- 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен каралган турмуш-тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын пайдалангандык үчүн акы төлөөдө көрсөтүлгөн адамдарга компенсация төлөп берүү үчүн каралган 76 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, 2010-2011-жылдын күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилинде республиканын отун-энергетика комплексинин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ө.Т.Бабановдун, Кыргыз Республикасынын энергетика министри А.А.Шадиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- энергетика тутумунун ишенимдүү иштешин, керектөөчүлөрдү жылуулук, электр энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылсын;
- жылуулук электр станцияларына жана отканаларга отунду алып келүүнү тапшырмага ылайык жана белгиленген мөөнөттөрдө камсыз кылсын;
- 2011-жылга отун-энергетика ресурстарын экспорттоо жана импорттоо жөнүндө маселени ишке тиешеси бар министрликтер менен биргелешип иштеп чыксын;
- экспорттолуучу электр энергиясы үчүн өз ара эсептешүүнүн практикасынан бартердик айырбаштоону жок кылсын;
- жаратылыш газын берүүнү үзгүлтүккө учуратууга жол бербөө жана тарифтик тартыштыкты жабуу максаттарында "Кыргызгаз" ААКсына 2010-жылы бөлүнүп берилген 237 млн. сом суммасындагы субсидияларды республиканын мамлекеттик бюджетине кайтарып берүүнү камсыз кылсын;
- керектөөчүлөргө жылуулук жана электр компаниялары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча атайын программаны бир айдын ичинде иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасына жаратылыш газын транспорттоодо иштеген ортодогу биргелешкен ишканаларды, жоопкерчилиги чектелүү коомдорду жана башка менчик компанияларды жойсун;
- Жалал-Абад шаарынын калкына кыргыз газын эң төмөнкү рентабелдүүлүк менен (куб. метр үчүн 4900 сом + 7 пайыз рентабелдүүлүк) "Кыргызнефтегаз" ААКсынын баасынын деңгээлинде сатууну камсыз кылсын;
- "КырКазГаз" ЖЧКсына ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген газ түтүгүн "Кыргызгаз" ААКсынын балансына кайтарып алуунун мүмкүнчүлүгүн жана натыйжаларын карасын;
- турмуш-тиричиликке пайдаланбаган керектөөчүлөргө электр энергиясына жана ысык сууга тарифтерди төмөндөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн карасын;
- транспорттук чыгымдарды азайтуунун эсебинен көмүрдүн баасын төмөндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүрдү Кыргыз Республикасынын көмүр кендеринен алып келүүнү:
а) 2011-2012-жылдын жылытуу мезгилинде 400000 тонна көлөмүндө;
б) 2013-жылга карата толук көлөмдө камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- милдеттерин жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсин жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө маселени 2011-жылдын 1-апрелине чейин карасын;
- республиканын түштүгүнүн жабыр тарткан райондору үчүн өзгөчө жардамды ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан энергетика секторуна бөлүнүп берилүүчү 35 млн. АКШ долларынан республиканын түштүгүнүн көмүр кендеринин көмүрүнө которуу максатында Ош шаарынын ЖЭБин реконструкциялоого зарыл болгон каражаттарды багыттасын;
- 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен каралган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кара-Кече" МИсине 2010-жылда "Кара-Кече" көмүр кенинин "Центральный" участогун андан ары өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин жана техникалык-экономикалык эсебин иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу үчүн бюджеттик ссуда түрүндө 50 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;
- 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен каралган турмуш-тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын пайдалангандык" үчүн акы төлөөдө көрсөтүлгөн адамдарга компенсация төлөп берүү үчүн каралган 76 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин, ошондой эле 2011-жылга мамлекеттик бюджетте бул максаттарга зарыл болгон каражаттарды кошумча карасын;
- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарга керектөөнүн төмөнкү чектеринде турмуш-тиричилик муктаждыктарына акысыз электр энергиясын камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерди карасын:
жайкы убакта, 1-майдан тартып 1-октябрга чейин - айына 50 кВт/с көлөмүндө;
кышкы убакта, 1-октябрдан 1-майга чейин - айына 100 кВт/с көлөмүндө;
- россиялык ишканаларга 71 пайыз + 1 акция шартында "Кыргызгаз" ААКсын башкарууга өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына түшүндүрмө берсин;
- ушул токтомдун аткарылышынын натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 15-апрелине карата маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракциялары энергетика ресурстарын алып келүү боюнча Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын курамына киргизүү үчүн депутаттардын талапкерликтерин берсин.
4. 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселени кароо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетине (А.Ү.Жапаров) тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасы боюнча комитетине (А.А.Арапбаев) жүктөлсүн.
Төрага
| А.Келдибеков
|