Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-январы № 102-V
Бишкек шаарында жана Чүй областындагы Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында 2011-жылдын 4 жана 5-январында болуп өткөн окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратурасынын жетекчилеринин маалыматы тууралуу
Бишкек шаарында жана Чүй областындагы Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында 2011-жылдын 4 жана 5-январында болуп өткөн окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратурасынын жетекчилеринин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарында жана Чүй областындагы Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында 2011-жылдын 4 жана 5-январында болуп өткөн окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратурасынын жетекчилеринин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине жана Премьер-министрине төмөнкүлөрдү кароо сунуш кылынсын:
- Бишкек шаарында жана Чүй областындагы Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында 2011-жылдын 4 жана 5-январында болуп өткөн окуяларда кетирилген каталыктар жана кызматкерлердин өлүмү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин курман болгон кызматкерлерин (өлгөндөн кийин) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө маселени.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратурасы кылмыштар жана укук бузуулар менен күрөшүүнү күчөтсүн, ал эми укук бузууларга бөгөт коюуда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратурасынын жетекчилиги тергөө иш-чаралары аяктаганга чейин өз кызматкерлерин айыпкерлердин жана тергөө астындагылардын улуттук ар-намысын, социалдык, диний жана башка сезимдерин мазактоочу сөздөрдү жана ат коюуларды пайдаланууга жол бербөөгө милдеттендирсин.
5. Укук коргоо түзүмдөрүн, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин реформалоо үчүн зарыл каражаттарды издеп табуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага |
А.Келдибеков |
|