Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № 106-V
2010-жылдын июнунда республиканын Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча улуттук комиссиянын кыскача отчету жөнүндө
2010-жылдын июнунда республиканын Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча улуттук комиссиянын төрагасы А.Эркебаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын июнунда республиканын Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча улуттук комиссиянын төрагасы А.Эркебаевдин маалыматы, ошондой эле Улуттук комиссиянын бул маселе боюнча корутундусу эске алынсын.
2. Болгон материалдардын баарын Жогорку Кеңештин бул маселе боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясына берүү 2010-жылдын июнунда республиканын Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча улуттук комиссияга сунуш кылынсын.
3. 2010-жылдын июнунда республиканын Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча улуттук комиссиянын корутундусу тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилсин.
4. 2010-жылдын июнунда республиканын Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча улуттук комиссиянын корутундусу "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасына жарыялансын.
Төрага |
А.Келдибеков |
|