Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-январы № 112-V
2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы № 244 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды толук көлөмдө жыйноону жакшыртууга жетишсин;
- камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн арналган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
Торага | А.Келдибеков |