Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-январы № 115-V
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 29-ноябрындагы № 306 токтом) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен карап чыгуу жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетине (Д.А.Ниязалиева) тапшырылсын.
Төрага | А.Келдибеков |
|