Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-январы № 118-V
"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 196-198-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жеткире иштеп чыгууга кайтарылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" такталган Мыйзамдын долбоорун төмөнкүлөрдү алдын ала карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана сунуштамаларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна он күндүк мөөнөттө киргизсин:
- 2010-жылдын 29-декабрындагы № 85-V "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен аныкталган билим берүү чөйрөсүн 2011-жылда мамлекеттик каржылоонун артыкчылыктуулугун;
- билим берүү тутумунун атайын каражаттарына салык салууну жокко чыгарууну;
- бюджеттин тартыштыгын ИДПнын 5 пайызынын деңгээлине чейин кыскартууну;
- Европа экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фонду тарабынан бөлүнүп берилүүчү 150,0 млн. АКШ доллары суммасындагы каражаттарды алардын мыйзамдык ырастоосунун жоктугуна байланыштуу каралып жаткан мыйзам долбоорунан алып салууну;
- көмүскө товар жүгүртүүнүн жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын көлөмүн кыскартуу жолу менен салык, бажы жана башка мыйзамдарды администрациялоону оптималдаштыруунун эсебинен алардын түшүүсүнүн түрлөрү боюнча 10 пайызга чейин өсүшүн алдын ала карап, 2012-2013-жылдарга республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин болжолун тактоону;
- натыйжасыз пайдаланылуучу чыгымдарды бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга багыттоо менен 2011-жылга республикалык бюджеттин долбоорунун жалпы көлөмүнүн 10 пайызына чейин кыскартууну;
- тышкы жана ички карыздарды республикалык бюджеттен тейлөө боюнча чыгымдарды болушунча азайтууну;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Банктарды кайра каржылоо атайын фондун жана башка фонддорду кошуп алганда республикалык бюджеттен каржылануучу бардык фонддордун каражаттарын топтоштуруу боюнча түзөтүүлөрдү колдонуудагы мыйзамдардын жоболоруна киргизүүнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.Ү.Жапаров) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |