Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-январы № 119-V
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2011-жылга негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2011-жылга негизги багыттарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2011-жылга негизги багыттары кабыл алынсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2011-жылга негизги багыттары менен аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнү камсыз кылсын, ошондой эле 2012-2013-жылдарга республикалык бюджеттин болжолун түзүүдө сунуштамаларды эске алсын.
Төрага | А.Келдибеков |
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
2011-жылдын 27-январындагы
№ 119-V токтому менен
кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2011-жылга негизги багыттары
Өлкөнүн 2011-жылга бюджеттик саясатындагы негизги артыкчылыктарды аныктоо республика саясий, ошондой эле экономикалык планда туруксуздук абалында болгон кездеги мезгилге туура келди. 2010-жылдын апрель жана июнь окуялары экономикалык туңгуюкту пайда кылды. ИДПнын иш жүзүндөгү өсүшү 5,5 пайызга болжолдонгону менен, ИДП 1,5 пайызга төмөндөдү. Инфляциянын деңгээли өткөн жылга карата алганда 17 пайызды түздү.
Калктын жакыр катмарларынын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу, бюджеттик кызматкерлердин, өзгөчө мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелери үзгүлтүккө учуроо коркунучунда калды.
Буга окшогон коркунучтарды болтурбоо максатында бюджеттик саясат ал тобокелдиктерди жоюуга багытталууга тийиш.
Бул өзгөрүүлөрдү эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2011-жылга бюджеттик саясаттын төмөнкү негизги артыкчылыктарын сунуш кылат:
- билим берүү чөйрөсүн мамлекеттик каржылоонун артыкчылыгы;
- ички мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттин чыгымдары менен тең салмактуулугу;
- карыз саясатын жана аны ишке ашырууну аныктоодо жаны технологияларды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- фискалдык саясатты кайра кароо жолу менен экономиканын көмүскө секторун легалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга багыттоо менен натыйжасыз пайдаланылуучу чыгымдарды республикалык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 10 пайызына чейин төмөндөтүү;
- мамлекеттик органдардын санын кыскартуу менен алардын чыгымдарын көбөйтүүгө үч жылдык мораторий киргизүү;
- жергиликтүү бюджеттер тарабынан социалдык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин кайра бөлүштүрүүнүн механизмдерин оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү Топтоштурулган бюджетин түзүү үчүн мыйзамдык базаны түзүү, анда иштеп жаткан фонддордун - Президенттин жана Өкмөттүн резервдик фонддорунун, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Өнүктүрүү бюджетинин, Улуттук банктын алдындагы Банктарды кайра каржылоонун атайын фондунун жана айрым өзгөчө кырдаалдар менен өзгөчө маанилүү иш-чараларды колдоону караган ар кандай фонддордун каражаттары топтоштурулууга тийиш;
- билим берүү тутумунун атайын каражаттарына салык салууну жокко чыгаруу;
- бюджеттин тартыштыгын ИДПнын 5 пайызынын деңгээлине чейин кыскартуу;
- көмүскө товар жүгүртүүнүн жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын көлөмүн кыскартуу жолу менен салык, бажы жана башка мыйзамдарды администрациялоону оптималдаштыруунун эсебинен алардын 10 пайызга чейин өсүшүн алдын ала карап, түшүүлөрдүн түрлөрү боюнча республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин болжолун тактоо;
- тышкы карызды республикалык бюджеттен тейлөө боюнча чыгымдарды мүмкүн болушунча азаптуу;
- экономиканы өнүктүрүүгө багытталбаган мамлекеттик инвестициялардын программасы боюнча тышкы карыз алуулардын көлөмүн кыскартуу.
Кийинки эки жылга бюджеттик саясаттын негизги багыттары анын төмөнкү параметрлерине түзөтүү киргизүүнү эске алуу менен 2012-2013-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө багыт алуучу белги болуп калууга тийиш:
1) макроэкономикалык кырдаалдын туруктуулугуна жетишүүнү;
2) мамлекеттин каржы тутумунун туруктуулугун;
3) өлкөнүн азык-түлүк жана энергетика коопсуздугун камсыз кылууну;
4) жагымдуу инвестициялык чөйрө түзүүнү;
5) мамлекеттик чыгымдардын тутумунун натыйжалуулугун жана калктын жармач катмарларын даректүү коргоо саясатын оптималдаштырууну;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун натыйжалуу өнүгүшүн жана анын спектринин кеңейишин;
7) мамлекеттик органдардын отчеттуулугун жана жоопкерчилигин күчөтүүнү;
8) мамлекеттик ресурстарды артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө жана бюджеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга жапырт тартуу үчүн кыска мөөнөттүү мезгилге (1-3-жыл) кризиске каршы чаралардын программасын кабыл алууну.