Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-февралы № 144-V
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМЫ КЫЛАТ:
Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.Мадылбеков), Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Д.Д.Бекешев), Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (И.Исаков) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 25-мартындагы № 169 токтом) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков |