Редакцияот 03.02.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 3-февралы № 148-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин бешинчи бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 171-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутаттар Курманбек Эргешович Осмонов жана Айнуру Тойчиевна Алтыбаева бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлүгүнө дайындалсын.

2. 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1108-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

А.Келдибеков