Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-февралы № 151-V
2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө
2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоонун, уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун маселелерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
2008-2010-жылдарда жарандардын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоо жана уюштуруу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы (мындан ары - КМДБ) тарабынан (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-сентябрындагы № 521 токтомуна ылайык) жүзөгө ашырылып келген. Бул иш-чарага мамлекеттик маани берип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) ийгиликтүү даярдоо, уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн болгон аракеттерди жумшап келген.
Зыяратка барууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча КМДБга практикалык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Меккеге зыяратка барууну уюштурууга көмөк көрсөтүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) түзүлгөн. Мамлекеттик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (комиссиянын төрагасы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (комиссиянын төрагасынын орун басары), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жетекчилеринин орун басарлары кызмат орду боюнча жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кирген.
Зыяратка барууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун маселелерин өз убагында чечүү максатында КМДБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргелешип зыяратка барууну уюштуруу боюнча оперативдүү штаб түзүлгөн. Мамлекеттик комиссия КМДБнын квоталарды бөлүштүрүү жана жарандарга визаларды жол-жоболоштуруу боюнча ишине кийлигишкен эмес.
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин КМДБнын тегерегиндеги кырдаал татаал жана карама-каршылыктуу, ал эми айрым учурларда өтө татаал бойдон калган. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (Сауд Аравия Королдугу) зыяратка баруусунун үзгүлтүккө учуроо коркунучу пайда болору менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2010-жылдын 9-августундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө" токтом кабыл алынган.
Бул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратын даярдоо жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан КМДБ менен биргелешип жүзөгө ашырылган. Бул токтом "Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган" деп аныкталган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин деген 1 жана 2-бөлүктөрүн бузуу менен чыгарылганын белгилей кетүү керек.
Ошол эле токтом менен Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.М.Муралиев анын төрагасы болуп дайындалган. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү да ажы-башчыларды, авиакомпанияларды жана зыяратчылар үчүн кийим тигүү фирмаларын аныктоо боюнча сынактык комиссиясынын курамына кирген.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансы полиция кызматынын маалыматы боюнча визалар 4676 (төрт миң алты жүз жетимиш алты) жаранга визалар жол-жоболоштурулгандыгын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынан 5000ден (беш миң) ашык паспорттор кабыл алынып, мунун өзү республика үчүн бөлүнүп берилгенден кыйла көп экендигин белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан түзүлгөн жумушчу топ зыяратчылардын квоталарын Кыргыз Республикасынын региондорунун жана ажы-башчыларынын ортосунда бөлүштүрүп берген. Айрым ажы-башчыларга башка ажы-башчылардын квоталарынын бир бөлүгү мыйзамсыз берилген. Ажы-визаларын квотадан ашык алуу менен ажы-башчылар тиешелүү анкеталык графаларга Иран Ислам Республикасынын (мындан ары ИИР) жарандарынын маалыматтарын киргизүү жолу менен алынган ажы-визаларын жасалмалаган жана аларды 1 (бир) бирдик ажы-визасы үчүн АКШнын 1950 доллары баа боюнча ИИРдин жаранына саткан. ИИРдин жараны С.Табатабане 139 (жүз отуз тогуз) бирдик ажы-визасын ИИРге алып кетүүгө аракет жасоо менен "Манас" аэропортунда паспорттук-чек аралык контролдон өтүүдө кармалган.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун жүзөгө ашыруу үчүн Сауд Аравиясынын Королдугу тарабынан 4500 (төрт миң беш жүз) визага квота берилип, Сауд Аравия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмү иш жүзүндө 5060 (беш миң алтымыш) виза берген.
Сауд Аравия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин маалыматтары боюнча аба жолу менен келген зыяратчылар 3095 (үч миң токсон беш) адам болгон, 1206 (бир миң эки жүз алты) адам жол транспорту менен келген, жыйынтыгы 4301 (төрт миң үч жүз бир) адам болгон. Ошондой эле Меккеге чет өлкөлүк мамлекеттердин - Түркиянын, ИИРнын, Өзбекстандын жарандарынын Бишкек шаарында алынган жасалма ажы-визалары менен Меккеге келиши байкалган жана алардын саны болжол менен 500дөн 900гө чейинки адамды түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматтарына ылайык 2010-жылы Меккедеги жана Мединадагы ыйык жерлерде 4296 (төрт миң эки жүз токсон алты) Кыргыз Республикасынын жараны болгон.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана КМДБнын Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча жетиштүү тажрыйбасынын жоктугунун айынан кемчиликтерге жол берилген. Кыргыз Республикасынын жарандарын Меккеге жана Мединага зыяратка баруусун уюштурууда жана жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй проблемалар болгон: зыяратчыларды тосуп алуу жана жайгаштыруу боюнча уюштуруу ишинин деңгээлинин төмөндүгү, топтордун жетекчилери катары араб, англис тилдерин билбеген, зыяратчылыктын программасына, ырасымдарды өткөрүүнүн кезегине жана татаал кырдаалдарда зыяратчыларга жардам көрсөтүүнүн жөнөкөй көндүмдөрүнө карата жетиштүү даярдыгы жок адамдардын тартылышы, штабдын кызматтарынын медициналык жана дары-дармек бөлүгүнүн солгун уюштурулушу.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын иши канааттандыралык эмес деп табылсын.
2. 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - убактылуу депутаттык комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
С.Н.Жапаров;
К.К.Ташиев - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Т.Бакир уулу;
А.Б.Калматов - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Т.З.Зулпукаров;
Э.Эрматов - КСДП депутаттык фракциясынан;
М.И.Бакиров;
А.Б.Баатырбеков - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Б.Калмаматов;
Т.Мадылбеков - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
Убактылуу депутаттык комиссия ишин бир айдын ичинде жана өз корутундусун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы директорлорунун, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн жана ажы-башчыларынын 2006-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажылык, умра) уюштуруу боюнча ишин убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгынан кийин иликтесин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына ажы-визаларын жол-жоболоштурууга жана берүүгө тиешелүү контролду жүзөгө ашырып турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Мамлекеттик финансы полиция кызматы 2010-жылда Сауд Аравия Королдугуна жарандардын баруусу үчүн жасалма документтердин берилишинин фактыларын калыс териштирүү жүргүзсүн жана мыйзамдарды бузгандарды жоопкерчиликке тартсын.
6. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун мурдагы орун басары К.С.Мурзахалиловго карата жазык ишин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине сунуш кылынсын.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары "Кыргызстандын жана Орто Азиянын мусулмандар конгресси" коомдук бирикмесинин президенти Б.С.Нурдиновго эң кыска убакытта сурак жүргүзсүн, бир эле убакта Б.С.Нурдиновго, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун мурдагы орун басары К.С.Мурзахалиловго колдонуудагы мыйзамдардын алкагында мыйзамдар менен каралган бардык жол-жоболорду сактоо менен тергөө аракеттеринин мезгилине коопсуздук кепилдигин берсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |